Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Ошто кан оорусуна чалдыккан балдар көбөйүүдө


Ошто кан оорусуна чалдыккан балдардын саны соңку бир жылда 15 пайыз көбөйдү. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын башчысы Абдисамин Анарбаев калаада өтүп жаткан «Кан берип өмүрлөрдү сактап кал» аттуу акцияда билдирди.

Анын айтымында өлкө түштүгүндө 15 жашка чейинки 600 бала кан оорусунан жабыркаары аныкталган. Алар кан алмаштыруу үчүн донорлордун жардамына дайыма муктаж. Бир курс дарылануу мезгилинде он жолу кан жаӊыртууга аргасыз. (YI)

XS
SM
MD
LG