Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Аккулов: Мырзакматовго бут тосуу үчүн кылмыш иш козголду


Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовду кийинки жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо үчүн ага карата кылмыш иш козголду. Мындай пикирин бүгүн «Азаттыкка» "Улуттар биримдиги" партиясынын штаб башчысы Абдыжапар Аккулов билдирди. Анын айтымында, "бийлик Мырзакматовго негизсиз иш козгоп, куугунтугун баштады. Анткени Мелис Мырзакматов өзү түзгөн «Улуттар биримдиги» партиясы менен парламенттик шайлоого катышууга даярдык көрүп жактан".

27-ноябрда Башкы прокуратура Мырзакматовго Оштогу эстакадалык көпүрөнү курууда мыйзам бузуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген берене менен кылмыш иш козгогону бүгүн маалым болду. Ушул эле күнү Ош шаардык соту Мырзакматовду камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда ага издөө жарыяланды.

Прокуратуранын жүйөсүндө Мырзакматовдун буйругу менен 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, мамлекетке 27 млн сом зыян келтирилген. (BkA)

XS
SM
MD
LG