Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Аламүдүндөгү мыйзамсыз жер тилкелер боюнча кылмыш иш козголду


Чүйдүн Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылында жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган айылдын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер мыйзамдарын одоно бузуу менен жер тилкелерди сатып жиберген. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG