Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Укугу бузулган балдар үчүн "ишеним телефону" иштей баштайт


Кыргызстандын акыйкатчысынын кеңсесинде укугу бузулган балдар үчүн "ишеним телефону" иштей баштайт. Бул үчүн атайын бөлмө бөлүнүп, жабдуу сатылып алынып жатканын бүгүн "Азаттыкка" акыйкатчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Балдар тарбияланган жабык жайлардагы укук бузуулар тууралуу маалыматты 115 кыска номуру аркылуу телефон чалып айтса болот.

Акыйкатчынын демилгеси менен 10-ноябрдан 10-декабрга чейин Кыргызстанда Адам укугун коргоо боюнча бир айлык уюштурулуп, түрдүү жолугушуулар, иш-чаралар өтүп жатат. Бүгүн акыйкатчы Бакыт Аманбаев Кыргыз улуттук университетинин Юридика институтунун студенттери менен жолукту. (RK)

XS
SM
MD
LG