Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыкты


Бул сынакта "Азаттыктын" редактору Шайырбек Эркин уулунун аңгемеси 3-орунга татыды.
Бул сынакта "Азаттыктын" редактору Шайырбек Эркин уулунун аңгемеси 3-орунга татыды.

Эл аралык Түрксой уюму жана Евразия жазуучулар бирлиги уюштурган эл аралык Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” сынактын калыстар тобунун жооптуу катчысы, “Жаңы Ала-Тоо” адабий журналынын баш редактору Айдарбек Сармамбетов билдирди. Анын айтымында, аталган сынак ар эки жылда түрк тилдүү өлкөлөрдө уюштурулуп турат. Ал улуттук жана эл аралык болуп эки баскычта өтмөкчү.

Быйылкы улуттук сынактын жыйынтыгына ылайык, биринчи орунга жазуучу Жылкычы Жапиевдин “Бейиш Тоо” аттуу аңгемеси татыды. Экинчи орун Абдилахат Курбан уулунун “Анар” деген аңгемесине, үчүнчү орун “Азаттык” радиосунун таңкы берүүлөрүнүн жана интернет сайтынын редактору Шайырбек Эркин уулунун “Жарык” аттуу аңгемеси үчүн ыйгарылды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи эртең Бишкекте өтөт. (BkA)

XS
SM
MD
LG