Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Полтава шаары Кобзондон “Ардактуу атуул” наамын алып салды


Украинанын чыгышындагы Полтава шаары орус ырчысы жана мыйзам чыгаруучусу Иосиф Кобзондон “шаардын ардактуу атуулу” наамын алып салды.

25-ноябрда Полтава шаардык кеңеши 2002-жылы Кобзонго ыйгарылган бул наамды ырчынын антиукраиналык позициясынан улам алып салуу керек деп чечти.

Кобзон 1937-жылы Украинанын чыгышындагы Донецк аймагында туулган.

Кобзон орус Мамлекеттик Думасынын мүчөсү катары Украина боюнча орус президенти Владимир Путиндин саясатын жактап, Крымдын аннексияланышын колдоп келет.

Сентябрда Украинанын дагы бир шаары- Днепропетровск Кобзондон “шаардын ардактуу атуулу” наамын алып салган.

Украинанын коопсуздук кызматы Кобзонду өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG