Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Папа Франциск: Европа жаңыланууга муктаж


Рим папасы Франциск шейшембиде Страсбургдагы Европарламенттин кеңсесинде сүйлөп жатып, Европаны күчтөндүрүү керектигин билдирди.

“Күчтүү жана бекем болуштун ордуна, Европа чарчап жана жаңыланууга муктаж болгондой өңдөнөт. Ага дүйнө кайдыгер, ишенбестик жана күмөн саноо менен карап калгандай”- деп билдирди Франциск.

Папанын айтымында, Европага бир кезде дем берип турган улуу демилгелердин ордун европалык мекемелердин бюрократиялык формалдуулуктары басып алгандай. Франциск саясатчыларды юридикалык жана техникалык маселелерге эмес, көбүрөөк карапайым элге жана алардын муктаждыктарына көңүл бурууга чакырды.

Өз сөзүндө Рим папасы мыйзамсыз мигранттарга байланыштуу суроолорду да козгоду. Ал европалык мыйзам чыгаруучуларды мигранттардын маселесин активдүү чечүүгө чакырып, көптөгөн мигранттардын Европага өтүшүнө көпүрө болгон Жер ортолук деңизин “чоң көрүстөнгө” айланышына жеткирбөөнү суранды.

Бул Рим-католик чиркөөсүнүн башчысынын Страсбургга соңку жыйырма жылдагы биринчи сапары. Буга чейин “кансыз согуш” аяктай электе 1988-жылы Иоанн Павел II барган.

XS
SM
MD
LG