Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

“Левада”: 58% орусиялыктар Украинага аскерий кийлигишүүгө каршы


Орусиялыктардын 58% Москванын Украинадагы болжолдуу аскерий кийлигишүүсүнө каршы.

Бул “Левада-центр” жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында айтылат.

Украинанын чыгышына орус аскерлерин киргизүүнү сурамжылоого катышкандардын 23% колдосо, дагы 20% дароо жооп берүүдөн баш тартышты. Орусиялыктардын үчтөн бир бөлүгү Украина чыгышындагы жаңжалды өз алдынча чечип алышы керек деп эсептейт.

Ошондой эле сурамжылоого катышкан ар бир үчүнчү адам Орусия Донбасстагы “элдик республика” деп атап алган аймактардын көз карандысыздыгын таануу керек деп эсептейт. Дагы 12% мындай кадамды туура көрүшпөйт.

Акыркы сурамжылоолор көргөзгөндөй, орусиялыктардын арасында Украинанын чыгышындагы кризиске Орусия жоопкер деп эсептегендердин саны өсүүдө. Ошентсе да социологдор орусиялыктардын басымдуу бөлүгү Украина боюнча Владимир Путиндин саясатын жакташаарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG