Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Осмоналиев: Мага каршы кылмыш иш негизсиз


Бүгүн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев өзүнө тагылган айыпты четке кагууда. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, прокуратура буга чейин эч кандай суракка чакырган эмес.

- Мени студенттердин ата-энесинен пара алды деген бул абсурд. Андай нерсе болгон эмес. Бирок мен бул иштин аягына чыгаруу үчүн тергөө менен кызматташып, күнөөсүз экенимди аныктаганга аракет кылам, - деди Осмоналиев.

Башкы прокуратура бүгүн Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевге карата кылмыш иш козгогон. Ал Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 абитуриентти өткөрүү үчүн былтыр август айында ортомчулар аркылуу айрым ата-энелерден 14 миң доллар алган деп шектелүүдө.

Быйыл май айында Улуттук коопсуздук кызматы Славян университетинин медицина факультетине 2013-жылы 24 абитуриент мыйзамсыз кабыл алынган деген шек менен Билим, илим министрлигинин жана аталган окуу жайдын айрым кызматкерлерине карата кылмыш иш козгогон. Териштирүү учурунда бул ишке депутат Осмоналиевдин кайрылуу каты түрткү болгону аныкталгандан кийин тергөө Башкы прокуратурага өткөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG