Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Аба ырайы боюнча чукул эскертүү


24-ноябрдан 28-ноябрга чейин катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары), Бишкек-Талас (198-210 км, Өтмөк ашуусу), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунчу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

25-ноябрда жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тоңголок, тайгак болот.

Абанын температурасы 25-26-ноябрда төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суукка чейин, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

XS
SM
MD
LG