Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Юстиция министрлиги: Чет өлкөлүк агент тууралуу мыйзам кабыл алуу максатсыз


Мындай тыянакты Юстиция министрлиги чыгарганы бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик талкуу учурунда белгилүү болду. Министрликтин жүйөсүндө, мыйзам долбоордун демилгечилери көтөргөн маселелер коопсуздук боюнча башка мыйзамдарда жетиштүү каралган. Буга кошумча бейөкмөт уюмдарды кайрадан каттап чыгуу кошумча каражатты талап кылмакчы.

Бирок мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Нуркамил Мадалиев жарандык коом көзөмөлсүз калганын, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам 1999-жылы кабыл алынганын жана азыркы талапка жооп бербей турганын билдирди. Анын пикиринде, мыйзамдарды ашыкча либералдаштыруунун кесепети өлкө коопсуздугуна таасир тийгизиши мүмкүн.

Бүгүн Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары таануу жөнүндө мыйзам долбоор боюнча парламенттик талкуу өтүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG