Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Башкаруу академиясынын жетекчилиги алмашты


Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Чыңгыз Шамшиев кызматтан алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Шамшиевдин ордуна Алмаз Насыров аталган окуу жайдын жетекчиси болуп дайындалды.

Буга чейин Башкаруу академиясын текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Ага Кара-кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына карата жыйында профессор Айдарбек Көчкүновдун бул академияда окуу орус тилинде гана жүргүзүлөрүн билдиргени себеп болгон. Президент Алмазбек Атамбаев бул маалыматты текшерүүнү тапшырып, эгер тастыкталса окуу жайдын жетекчилеринин жоопкерчилиги караларын айткан болчу.

Жаңы дайындалган Алмаз Насыров буга чейин Коргоо кеңешинин алдында коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун мүчөсү катары белгилүү болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG