Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

“Ислам мамлекетинин” катарында согушкан 60 германиялык набыт болду


Сирия жана Ирактагы «Ислам мамлекети» радикал уюмунун катарында согушуп жүргөн Германиянын алтымышка жакын жараны каза тапкан. Бул тууралуу Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекеменин башчысы Ханс-Георг Маасен Welt am Sonntag басылмасына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, Сирия жана Ирактагы экстремисттердин катарында 550гө жакын германиялык согушуп жүрөт.

Бул көйгөйдү алдын алуу үчүн октябрь айында Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер Ирак же Сириядагы согушкерлерге кошулууга даяр, ашыкча радикалдашкан жарандардын паспортторун алып коюу сунушун киргизген.

«Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна кошулуп кеткен европалыктардын саны сентябрь айында үч миңден ашканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG