Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Сулейменов: Толук көз карандысыздык Казакстан үчүн кооптуу болот


Белгилүү казак акыны Олжас Сулейменов “толук көз карандысыздык Казакстан үчүн кооптуу болот” деп эсептейт.

Бүгүн "Азаттыктын" казак кызматына курган маегинде акын өлкө коопсуздугу үчүн “кылымдар илгери улуу Орусия менен түзүлгөн” альянс пайдалуу болмокчу.

Евразия экономикалык биримдиги өлкөнүн эгемендигин жоготууга алып келбейби деген суроого Сулейменов: “Толук көз карандысыздык Казакстанга чоң коркунуч жаратат. Байыркы коңшуларыбыз менен бирге болушубуз керек” – деп жооп берди.

Сулейменов 1970-жылдардын этегинде “Аз и Я” китебин чыгаргандан кийин СССРдагы улуттук азчылыктар арасында өзгөчө популярдуу болгон. Анда акын орустардын “Князь Игордун полку жөнүндөгү баяндоосунун” түбү түрк тилдүү элдерге таандык деп боолголойт.

Поэмадагы “жер, адамга жүгүн!” деген сап биринчи космонавт Юрий Гагариндин мүрзөсүндө жазылып турат.

XS
SM
MD
LG