Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Президент Обама иммиграция жаатында жаңы буйрукка кол коёт


Президент Барак Обама миллиондогон иммигранттарга АКШда калууга жол ачкан буйрукка кол коёрун билдирди. Обама кечээги кайрылуусунда түшүндүргөндөй, андай укук өлкөдө 5 жылдан ашуун убакыттан бери жашап келаткан жана балдары америкалык жарандар болгон иммигранттарга берилмекчи.

Жаңы планга ылайык, АКШда 3 жылга калуу уруксатын алуу үчүн өлкөгө мыйзамсыз жол менен келгендер текшерүүдөн өтүп, балдары АКШда төрөлгөнүн далилдеп, салыктарды төлөй башташы керек. 3 жылдан кийин ошол иммигранттар АКШда калуу уруксатын узартуу арызы менен кайрыла алышат. Ошол эле маалда Обама бул план мыйзамсыз иммигранттарга мунапыс берүү болуп эсептелбесин жана америкалык жарандык алууга жол ачпасын баса белгиледи.

Айрым республикачыл мыйзамгерлер Конгресс менен макулдашпай туруп иммиграциялык системанын реформасы тууралуу буйрукка кол коюу менен Обама Конституцияда каралган ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетти деп сындашууда.

XS
SM
MD
LG