Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Пешавардагы жардырууда эки жоокер мерт кетти


Пакистандын түндүк-чыгышында бүгүн мотоциклге коюлган бомба жарылганда эки аскер мерт кетти. Кол салуу Пешавар шаарынын жака белиндеги райондордун биринде болду. Коопсуздук органдары билдиришкендей, алыстан башкарылган бомба армиянын автобусу кетип бараткан учурда жарылган. Кошуна Ооганстанга бараткан Пакистан коопсуздук күчтөрүнүн жана НАТОнун жүк тарткан кербендерине чабуулдар бул аймакта көп болот. Соңку жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Июнда жергиликтүү куралдуу күчтөр кошуна Түндүк Вазиристанда жашырынган талип согушкерлерине каршы ири операция башташкан.

XS
SM
MD
LG