Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Кобаниге пешмерга күчтөрүнүн негизги тобу киришине даярдык көрүлүүдө


Ирактык күрттөрдүн 150 аскеринин негизги бөлүгү Сириянын күрттөр жашаган Кобани шаарына бүгүн Түркия аркылуу киргени жатат.

Кобанидеги жергиликтүү бийлик өкүлү Исмет Шейх Хассан “Азаттык” радиосуна билдиргендей, пешмерга күчтөрү өздөрү менен кошо курал-жарагын жана артиллериясын да алып кирет.

Мунун алдында Кобаниге Түркия аркылуу пешмерга күчтөрүнүн алдыңкы бөлүгү кирип чыкты. “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бул шаарчанын үч тарабында азыр да өз турумдарын кармап турат.

Бирок АКШ баштаган коалициянын аба соккулары согушкерлердин алдыга жылышын токтотууга жардам берди. (UE)

XS
SM
MD
LG