Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Француз соту Мухтар Аблязовду экстрадициялоо чечимин чыгарды


Камактагы Аблязов сотко алынып келинүүдө, 17-октябрь, 2014-жыл
Камактагы Аблязов сотко алынып келинүүдө, 17-октябрь, 2014-жыл

24-октябрда Франциянын Лион шаарынын соту Орусия жана Украинанын өтүнүчтөрүн канааттандырып, казакстандык банкир Мухтар Аблязовду экстрадициялоо чечимин чыгарды.

Кызы Мадина Аблязова “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Аблязовдун адвокаттары үч айдын ичинде каcсациялык арыз берүүгө укуктуу. Бул убакыт бою Аблязов Лиондогу камакта кала бермекчи. Өткөн жумада сотто сүйлөгөн кезинде банкир Орусия аны андан ары президент Нурсултан Назарбаевге каршы ишмердиги үчүн куугунтукталып жаткан мекенине өткөрүүгө экстрадициясын талап кылып жатканын айткан.

Өткөн жылдын жайында Аблязов Орусия менен Украианада финансылык көз боемочулук үчүн айыпталууда деген негизде камакка алынган. Аблязов өзү болсо иштин артында саясат турат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG