Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Путин “орунсуз үстөмдүк кылууда” деп АКШны айыптады


Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Сочиде эл аралык “Валдай” клубунун 11-конференциясында сүйлөп жатып билдирди. Ал АКШнын аракеттери жаңжалдарды курчутуп, башаламандыкка алып келүүдө деп айыптады. “Кошмо Штаттар Ирак, Ливия жана Сириядагы өз саясатынын жыйынтыгына каршы күрөшүп жатат”, - деди орус лидери. Ошондой эле чоң өлкөлөр катышкан коркунучтуу жаңжалдардын тобокели, куралдуу күчтөр тараптан коркунуч күчөгөнүн айтты.

Өз өлкөсүнө карата киргизилген санкцияларды “ката” деп эсептеп, муну Орусияны дүйнөдөн обочолонтуу аракети деп баалады. Батыш менен расмий Москванын ортосундагы мамилеге токтолгон Путин, “муну биз баштаган жокпуз” деди.

Украинадагы жаңжалдан кийин Батыш Орусияга бир канча жолу санкцияларды киргизген. Батыш өлкөлөрү Украина чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатат деп Орусияны айыптат келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG