Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

БУУ кумсалар боюнча мыйзамга тынчсызданды


БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбооруна байланыштуу билдирүү таратты. Анда мыйзам долбоор адамдын фундаменталдык укуктарын чектеп, демократиялык баалуулуктарга доо кетирери белгиленип, Жогорку Кеңеш депутаттарын буга каршы турууга чакырды.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мыйзам демилгечилери бул чаралар коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого негиз болот деп билдиришүүдө.

БУУ тараткан билдирүүдө Кыргызстан адам укуктары боюнча конвенцияга кол койгону, анда ар бир жаран өз оюн эркин айтууга, тынч митингдер менен чогулуштарга катышууга укуктуу экени эскертилген. Мыйзамга таянып, кумсалар кысмакка алынып, зомбулукка туш болушу ыктымалдыгы айтылган.

Ушундай эле тынчсыздануусун буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да билдирген эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG