Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Роухани: Иран "террорчуларга" каршы күрөшүүгө жардамдашат


Ирандын президенти Хасан Роухани тегеран Жакынкы Чыгыш элине “террорчулардан” коргонууга жардам берерин билдирди. Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко атаанар алдында Роухани “Ислам жумуриятынын өкмөтү жана куралдуу күчтөрү аларга бардык жерде көмөктөшөт” деди:

- Тилекке каршы бүгүн биздин региондо кооптуу кырдаал түзүлүп, бейстабилдүүлүк өкүм сүрүүдө. Терроризм үстөмдүк кылууда. Иран Жакынкы Чыгышта стабилдүүлүк орнотууда маанилүү роль ойной алат. Иран ар дайым кордолгон элдерге жардам берчү жана мындан ары да көмөктөшөт.

Кечээ АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Нью-Йоркто Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен “Ислам мамлекети” уюму туудурган коркунучту талкуулаган. Өткөн жумада Керри “Ислам мамлекети” уюмуна бөгөт коюуда Иран белгилүү бир роль ойной алат деген. Ошол эле маалда Тегеран согушкер топко күрөшчү АКШ жетектеген коалицияга кирген жок.

XS
SM
MD
LG