Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Бек Борбиевдин концертине каршы акция өтүп жатат


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров ушул тапта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин концертин токтотуу талабы менен Бишкектеги филармониянын жанында акция өткөрүүдө. Концерт бүгүнгө (22-сентябрь) белгиленген.

Активист ырчынын Беларуска барып, Курманбек Бакиевдин туулган күнүндө ырдап келгенин айыптап, буга чейин аны наамынан ажыратуу талабы менен пикет да уюштурган жана ырчыга концерттик зал берилбесин деген талапты койгон.

Обончу жана аткаруучу Бек Борбиев кай жерге барып ырдашын, кимге концерт коёрун өзү чечерин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG