Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Ирак: Мечитке жасалган чабуулда 68 намазгөй курман болду


Иракта суннилердин мечитине жасалган чабуулда 68 адам өлдү. Кандуу булоон Багдаддан 120 чакырым түндүк чыгыштагы Бакуба шаарынын жанындагы Имам Ваис кыштагында болду. Полиция кызматкеринин айтымында, куралчан адамдар мечитке кирип барып, намазгөйлөргө ок аткан. Маалымат агенттиктери кээ бир булактарга таянып, мечитке шиит согушчандары чабуул койгонун кабарлашса, башка бирөөлөр “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттери кол салды деп билдиришти. Сунни экстремисттердин “Ислам мамлекети” уюму Ирактын чоң бөлүгүн ээлегенден тарта өлкөдө жаатташуу дагы курчуган.

Ирактын түндүгүндө күрт аскерлери-пешмаргелер жана Ирактын өкмөттүк күчтөрү согушчандардын колундагы Мосул шаарын көздөй жылууда. Маалымдалганга караганда, абадан аларга АКШнын аскерий учактары жардам көрсөтүүдө. 22-августта пешмаргелер Мосулдан 35 чакырымдай алыстагы бир нече кыштактан “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарын сүрүп чыкканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG