Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Порошенко: Орусия эл аралык мыйзамдарды бузду


Орусиядан жөнөтүлгөн гумжардам Украинанын чек арасынан өтүп, өлкө аймагына киргенден кийин Киев Москваны өлкөгө басып кирди деп күнөөлөдү. Бирок Чыгыш Украинадагы жаңжалды дагы күчөтпөө үчүн автокербенге чатаксыз жол берилди деп билдирди расмий Киев. Президент Петро Порошенко гуманитардык кербендин өлкөгө кирүүсүн эл аралык мыйзамды бузуу деп атады. Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко:

- Бүгүн саат 11:10до орусиялык гуманитардык кербен Украинанын Изварине чек ара тозотунан өз алдынча өтүп, террорчулар (орусиячыл жикчилдер) көзөмөлдөгөг аймакка багыт алды. Алар гумжардамды текшерүү жана каттоодон өткөрүү боюнча Украина - Орусия ортосундагы макулдашууну бузуп, эч кандай түшүндүрмөсүз жана Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун коштоосу жок жүрүүдө,- деп билдирди.

Москванын айтымында, Киев уруксат бергенди улам чоё берип, гумжардам жүктөлгөн автокербен чек арада бир жума бою турган. Киев гумжардамды Орусия өлкөгө аскер киргизүү үчүн пайдаланат деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG