Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Ош: аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр плиталары акысыз таратылат


Ош мэриясы быйылкы кышта шаардын аз камсыз болгон тургундарына электр плиталарын жана газ баллондорун акысыз таратууну убада кылууда. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты. Учурда шаар бийлиги тарабынан 5226 үй-бүлө аз камсыз болгон деп эсептеп чыккан. Анын ичинен 1775 үй-бүлө жер үйдө, 3451 үй-бүлө көп кабаттуу үйлөрдө жашары аныкталган. Шаар бийлиги жер үйдө жашаган, жардамга муктаж адамдарга газ баллон, кабат үйдө жашагандарга электр плиталарын берүүнү көздөөдө. Бул үчүн мэрия 13.5 миллион сом бөлгөн.

Учурда газ баллонунун базар баасы 2 миң сом, ал эми электр плитасынын баасы 2500 сомду түзүүдө.

Буга чейин газсыз калган Ош шаарынын элине кышка карата өкмөттүн электр плиталарын таратуу демилгеси сынга кабылып, анын ордуна шаардагы эски электр транформаторлорун жаӊылоо сунушталган болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG