Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Сириядагы согушта 180 миңден көп адам жайран болду


Сирияда 2011-жылдан бери жүрүп жаткан согушта 180 миңден көп адам өлдү. Бул жөнүндө Сириядагы адам укуктарына байкоо салчу уюм билдирди.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан уюмдун маалымдашынча, жер-жерлерден чогултулган маалыматтардын негизинде 180 миң 215 адам өлгөнү тастыкталган. Алардын 59 миңи карапайым жарандар, анын ичинде 9 миң 400 бала жана 6 миң аял бар. “Ал-Каида” менен байланыштагы “ал-Нусра фронту” жана “Ислам мамлекети” уюмдарынан болуп, өкмөткө оппозициядагы куралдуу топтор 50 миң мүчөсүн жоготкон. Сирия армиясы 40 миң аскеринен, 26 миң ыктыярдуу жоокерден айрылган. Сириядагы согуштун кесепетинен өлкө калкынын теңине жакыны үй-жайын таштап, бозгунга айланган.

Чатак 2011-жылы тынч антиөкмөттүк демонстрацияны аскерлер аёосуз баскандан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG