Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Кадырбаев: Өзбекстан газ үчүн айрым аймактарды сурап жатат


Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаадагы “Манас-Ата” аймагынын жашоочулары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкө Ошко газды жандандыруу үчүн Кыргызстандын аймагынан айрым жерлерди жана Сох анклавына коридор берүүнү сурап жатат. Кыргыз бийлиги мындай шартка макул болбой турганын билдирген мэр шаардыктарды убактылуу кыйынчылыктарга чыдап турууга чакырды.

Өзбекстан 14-апрелде Кыргызстанга газ берүүнү токтоткон жана ал боюнча кыргыз тараптын кайрылууларын жоопсуз калтырып келе жатат. Буга чейин кыргыз бийликтери газ берүүнү жандандыруу үчүн Өзбекстан бир катар саясий талаптарды коюп, Сох анклавына тоскоолдуксуз түз коридор берүүнү, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун токтотууну сунуштаганы айтылган.

Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев Ошту газ менен камсыз кылуунун альтернативдүү жолун иштеп чыгууну тапшырган.(YI/BkA)

XS
SM
MD
LG