Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Муфтий Орозо айтка байланыштуу кайрылуу жасады


Муфтий Максат ажы Токтомушев Орозо айтка байланыштуу кайрылуу жасады. Ал Орозо айт Кыргызстанда 29-июлда белгиленээрин, бүгүн оозун ачып алгандардыкы туура эмес экенин айтты. Максат ажы бүгүн өз алдынча эле ай жаңырды деп, оозун ачып алгандар дагы 60 күн орозо кармоосу керек экенин эскертти.

Бүгүн Кыргызстанда айрым адамдар башка мамлекеттердеги айдын жаңырышын карап, ооздорун ачып алышкан жана 28-июлду Айт күнү деп жарыялап алышкан. Алар ай көрүнгөн соң орозо бүтөөрүн жүйө кылышкан эле. Ал эми муфтият болсо бүгүн орозо бүтөөрүн, айт 29-июль экенин билдирди. (BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG