Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Пакистанда үч ахмадиячы өлтүрүлдү


Пакистандын чыгышында жаалданган топ азчылыктагы ахмадия мусулмандарына караштуу бир нече үйдү өрттөп жиберишти жана бир кемпирди эки небереси менен кошо өлтүрүштү. Пенжаб провинциясынын Гуджранвала шаарындагы тополоң 27-июлда кечинде ахмадиячылар Фейсбукка кудайга акаарат келтирген материалдарды чыгарды деп айыпталгандан кийин болгон. Өлтүрүлгөн кыздардын улуусу жети жашта, кичүүсү эмчектеги наристе экенин полиция билдирди.

Пакистан үчүн диний азчылыктарды куугунтуктоо жана өлтүрүү кеңири жайылган көрүнүш. Мусулмандардын диний ишенимине шек келтирген адам өлүм жазасына чейин тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG