Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Жеңиш аянтында Георгий тасмасынан баш тартууга үндөгөн акция өтөт


“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы Бишкекте Георгий тасмасынан баш тартууга үндөгөн акция өткөрөт. Ал бүгүн Жеңиш аянтына майрамдык иш-чарага чогулгандар арасында уюштурулат.

Уюм өкүлдөрү жарандарга сары-кара түстөгү тасманын ордуна кыргыз желегине түспөлдөш тасмаларды таратышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Аида Алымбаева билдирди. Муну менен активисттер Ата Мекендик Улуу согушта жеңип чыгууга кыргызстандыктардын кошкон салымын даңазаламакчы.

Орусия дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө Жеңиш күнүн утурлай Георгий тасмасын таратуу акциясын 2005-жылдан бери уюштурат. Кыргызстан аны жайылтууга жигердүү катышып келет.

Украинадагы жагдайга байланыштуу быйыл Георгий тасмасына карата дүйнө коомчулугунда терс пикир көбөйгөн. Көпчүлүк өлкөлөр, анын ичинде коңшу Казакстан да аны жайылтуудан баш тарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG