Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

“КазТрансГаз” ишканасына сегиз миллион доллар карыз төлөндү


Дагы 5 миллион карыз бар экенин “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев бүгүн акционерлердин жыйынында билдирди. Анын маалыматы боюнча “Кыргызгаздын” дебитордук карызы жаңы жылга 686 млн. сомду түзгөн. Негизги карыз Токмоктогу “Интергласс” айнек заводу, анын моюнунда 300 млн. сому бар. Ошондой эле “Кыргызтуракжайкомсоюз” мамлекеттик ишканасынын 300 млн. сом карызы бар. “Кыргызгаздын” “КазТрансГаз” ишканасынын алдындагы кредитордук карызы 675 млн. сомду, ал эми “Кыргызнефтегаз” ишканасынын алдында 14 млн. сом түзөт.

“Кыргызгаз” ишканасы моюнундагы 40 млн. доллар карызы менен кошо Орусиянын “Газпромуна” 10-апрелде толугу менен өткөрүлүп берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG