Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Бейөкмөт уюмдар мамлекет башчыга кайрылды


“Маалыматтык укук борбору” жана ММКларга арыз-дооматтарды кароо комиссиясы бүгүн президентке кайрылып, журналисттердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзамга кол койбоого чакырды.

Кайрылуу ээлери “Кыргызстанда сөз эркиндиги Башмыйзам менен кепилденген бирден-бир адам укугу” экенин белгилеп, 16-апрелде ЖК кабыл алган долбоор Кыргызстандын ички мыйзамдарына гана эмес, өлкөнүн эл аралык коомчулук алдында кабыл алган бир катар укуктук милдеттенмелерине да каршы келерин билдиришкен.

16-апрелде Жогорку Кеңеш "кылмыш жасаган" деп жалган маалымат таратканы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Мыйзам долбоорго ылайык, "Кылмыш-жаза кодексине" өзгөртүү киргизилип, кылмыш жасады деп жалган маалымат тараткан журналист бир жылга чейин камалат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG