Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Айдоочулук күбөлүк сатууга шектүү кызматкер кармалды


Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат айдоочулук күбөлүктү 5 миң сомго соодалап жаткан жеринен Мамкаттоо кызматкерин иш бөлмөсүнөн кармады. Тинтүү учурунда дагы 47 миң сом табылган. Маалыматка ылайык, айдоочулук күбөлүк алууну каалаган жаран Мамкаттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин өкүлүнө кайрылган. Ал айдоочулук күбөлүктү 100 долларга даярдап берүүгө убада кылган жана күбөлүк алууга уруксат берүүчү медициналык маалымдама сатып алууга дагы бирөөгө жиберген. Натыйжада жаран даяр маалымдаманы 500 сомго сатып алган.

Айдоочулук күбөлүктү сатууда ортомчулардын катышуусу менен ишке ашуучу дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Күбөлүк сатты деген айып менен Сокулук, Москва райондорунун кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, сотко ашырылган.

Айдоочулук күбөлүктү кыска убакытта, окубай туруп сатып алуу уланып жатканы айтылууда. Айрым маалыматтар боюнча, учурда анын акысы 5000 сомдон дээрлик 15 миң сомго чейин. (ZKo)

XS
SM
MD
LG