Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Медакадемиянын айрым бүтүрүүчүлөрү айылда иштөөгө милдеттендирилет


Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндөрдүн 60% гана аймактарга барып иштешет. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги Медакадемияны бюджеттик негизде окуп бүтүргөн улан-кыздарды алыскы аймактарга барып, эки жыл иштеп келүүгө милдеттендирген токтом даярдоодо.

Бул тууралуу министрлик өкүлү Медер Исмаилов академиянын студенттери менен жолугушууда билдирди. Ал ошондой эле борбор калаага караганда алыскы аймактарда кесипкөйлүктү арттыруу мүмкүнчүлүктөрү кенен экенине токтолду.

Бүгүн Бишкектеги КММАнын студенттери менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин, аймактардагы оорукана-эмканалардын жетекчилери келип жолугушту.

Акыркы убактарда КММАны окуп бүтүргөн адистерден алыс, жакынкы чет өлкөлөргө кетип иштегендер арбыды. Буга айлык акынын аздыгы себеп экени айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG