Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Мектеп формасынын жаңы үлгүсү тандалды


Кыргызстанда мектеп формасы боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, 27 тикмечи, дизайнерден материалдар келип түшкөн. Жыйынтыгында гран-приден тышкары үч орундун ар биринде үчтөн жеңүүчү болду.

Мектеп формасы 1-11-класстардын окуучуларынын курагына жараша өңү көк материалдан тигилмей болду. Төшүндө кыргыздын улуттук орнаменти түшүрүлгөн белги болот.

Жаңы форма качан киргизилери, талаптар кандай болору азырынча чечиле элек. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG