Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Орусиячылар Украин өкмөтүнө каяша айтууда


Украинанын чыгышындагы радикалдардын айтымында, Киевдеги "батышчыл өкмөт" кызматтан кетмейин, алар ээлеген өкмөттүк имараттарды бошотушпайт. Өзүн донецктик радикалдардын лидеримин деп жарыялаган Денис Пушилин 18-апрелде кабарчыларга, Женева келишимине карабай, ал өз адамдарын куралсыздандырбасын айтты.

- Биз ээлеп алган имараттар жөнүндө айтсак, келишимде акыркы мезгилде басып алынган бардык имараттар жөнүндө кеп жүрүүдө. Биз буга толук макулбуз, бул жакшы келишим. Бирок аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген жолдоштор (премьер-министр Арсений Яценюк жана президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов) да мыйзамсыз ээлеген имараттарын бошотушу керек. Алар бошоткон соң, биз да чыгып кетебиз,-деди Пушилин.

17-апрелде Женевада жетишилген төрт тараптуу сүйлөшүүдө: Украина, Орусия, АКШ, Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери протестчилер өкмөттүк имараттарды бошотуп, куралдарын тапшырып беришсин деп макулдашкан.
Жергиликтүү булактардын 18-апрелде кабарлашынча, алиге чейин бир да имарат бошотула элек.

XS
SM
MD
LG