Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Гидромет: Быйыл жамгыр аз жаайт


Бул тууралуу Кыргыз Гидрометерологиялык борборунун директору Зарылбек Итибаев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жайда өлкө аймагында жамгырдын жаашы нормадан төмөн. Ошондуктан, Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши аз болууда.

Буга чейин Энергетика министри Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан быйыл Казакстанга электр энергиясын экспорттоо убактылуу токтотуларын билдирген. Ушу тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард кубду түзүүдө. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла аз.(KE/BkA)

XS
SM
MD
LG