Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Бүгүн Бишкекте оппозиция митинг өткөрөт


Улуттук оппозициялык кыймылдын жетекчи өкүлдөрү Бишкектеги маалымат жыйынында. 03.04.2014.
Улуттук оппозициялык кыймылдын жетекчи өкүлдөрү Бишкектеги маалымат жыйынында. 03.04.2014.
Улуттук оппозициялык кыймыл бейшембиде уюштуруп жаткан митинг, анын уюштуруучуларынын ырастоосуна караганда, тынч мүнөздө өтөт. Эгер сырткаркы күчтөр кандайдыр-бир провокация жасап, жыйынга тоскоолдук кылбаса, эч кандай агрессивдүү кадамдарга жол берилбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков билдирди:

- Биздин митинг саат 11:00де Максим Горький сейил багында башталат. Эч кандай зомбулук же агрессиялык аракеттер болбойт. Башка күчтөр тарабынан атайын абалды курчутуучу кадамдар жасалбаса, биз өзүбүз митингди тынч өткөрөбүз деп пландап жатабыз. Акция кечке чейин уланат. Аны алдын-ала мэрияга да, милицияга да маалымдаганбыз.

Жээнбековдун айтымында, митингде президенттин бийлигин чектөө, Кумтөр маселесин кайрадан карап чыгуу, Батукаевди түрмөдөн бошоткондорду жазалоо, “Манас” аэропортунун акцияларынын сатылышына жол бербөө жана оппозиция мүчөлөрүн камакка алууну токтотуу сыяктуу талаптар коюлат.

Митинг болчу жерге 16 биотуалет жана 6 таштанды контейнерлери орнотулат.

Кыргызстандын Башмыйзамы атуулдардын тынч митингдерди уюштуруу укугун тастыктаган беренени камтыйт. (SE)

XS
SM
MD
LG