Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Баткен милициясы: Чек арада тажиктер аң казып жатат


Баткенде тажик чек арачылары кыргыз-тажик чек арасынан өтүп аң казып алышкан. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыка” билдиришти. Маалыматта айтылгандай, тажик чек арачылары Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан көзгө атар аскерлер үчүн аңдарды казып даярдашкан. Айылга өтө жакын келип, Кыргызстан жарандарынын турак жайларына 50 метрдей жакын жерде иш-аракеттер болгон. Баткен милициясынын бул маселе боюнча тажик кесиптештери менен сүйлөшүү аракетинен азырынча натыйжа чыга элек. (JsA)

XS
SM
MD
LG