Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Өзгөндө милиция менен чырлашкан эки жаран кармалды


Өзгөндө милиция менен чырлашкан эки жаран кармалды. Аларга карата бийлик өкүлүнө кол салган жана бейбаштык кылган деген айыптар боюнча кылмыш иш козголгонун "Азаттыкка" райондук милициядан кабарлашты.

Өзгөн ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-июлда кечке жуук Өзгөндө жол кайгуул инспектору токтоткон машинанын айдоочусуна карата протокол түзүп жатканда ошол жерден өтүп бараткан бир киши аны сүрөткө тартып, тоскоолдук жарата баштаган. Жанындагы мечиттен чыгып жаткан башка кишилерди да чакырып, милиция кызматкерине кол салууга үндөгөн. Жардамга келген эки инспектордун погондорун жулуп салган. Окуя болгон жерге жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу жетип барып, эки кишини камакка алган. Алардын бошотулушун талап кылып өзбек улутундагы 100дөй адам чогулган. Бул нааразылык акциясына каршы болуп кыргыз улутундагылар да чогула баштагандыктан Оштон милициянын кошумча тобу келгенде гана кырдаал жөнгө салынган.

ИИМден "Азаттыкка" кабарлашкандай, учурда бул окуя боюнча расмий маалымат даярдалып жатат. Ал эми кармалган тараптан азырынча эч комментарий боло элек. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG