Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Орус журналистине кол салды делген кыргыз жараны тууралуу маалымат такталууда


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуянын чоо-жайын билүү үчүн Москва шаардык ички иштер бөлүмүнө расмий кат жолдонду.

Буга чейин Орусиянын “Эхо Москвы” жана “Маяк” радиолорунда иштеген журналист Сергей Асланянга кол салды деп Кыргызстандын бир жараны кармалганы дайын болгон. Муну «Азаттыкка» Москва шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташкан.

Орус күч органдарынын маалыматына ылайык, кылмышка шектелген жаран ушул жылдын 28-майында Москвада журналистти үйүнөн сыртка чакырып, батиринин алдында кайчы менен 15 жолу сайган. Андан соң Кыргызстанга качып кеткен. Өткөн дем алыш күндөрү кылмышка шектүүнүн Орусияга келгени тууралуу маалымат түшүп, ал Челябинсктен кармалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG