Жума, Май 18, 2012 Бишкек убакыты: 07:23

Жаңылыктар

Гилани талиптердин тилин тапканы Катарга барат

Текст көлөмү - +
04.02.2012

Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани эмки жумада Катарга тынчтык сүйлөшүүлөргө барат. Сүйлөшүүнүн максаты - талиптер 10 жылдан бери Ооганстанда жүргүзүп жаткан урушту токтотуу.  Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Баситтин “Азаттыкка” айтышынча, Гилани Ооганстан боюнча эки жактуу жана көп жактуу  кездешүүлөрдү өткөрөт. Бир нече күн мурда Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кар айым расмий Исламабад талиптерди жана башка козголоңчу топторду тынчтык сүйлөшүүлөргө барууга көндүрөөрүн билдирген.

Пакистан талипттер менен “Хаккани” уюмуна жардамдашып, ооган жеринде тынчтык орнотулушуна жолтоо кылып жатат деп узактан бери сындалып келет. Ооган талиптеринин январда Катарда саясый кеңсесин ачуусу тынчтык жолундагы оң кадам катары бааланган.
04 Февраль 2012
04 Февраль 2012

Ай, жыл тизими

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)