Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Лондондо “Манастын” Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда жазылган китеби чыкты


“Манас” эпосунун окуялары англис тилинде баяндалган китеп “Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov's Recitations Of Epic Poetry” деген аталышта Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көрдү. Анын редакторлору Кейт Ховард, Сапарбек Касмамбетов.

Китепте “Манас” эпосунун негизги окуялары кара сөз түрүндө берилип, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Китеп 134 беттен турат. Аталган китеп кыргыздардын жана жалпы эле көчмөн элдердин оозеки көркөм чыгармачылыгына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

Сапарбек Касмамбетов Кыргызстанда белгилүү төкмө акын жана дастанчы катары таанымал. (КС)

XS
SM
MD
LG