Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Wikipedia сайты уюшулганына он жыл толду


Америкалык Жимми Уэйлс тарабынан 2001-жылдын 15-январында негизделген жана киреше таппаган бул интернет сайт дүйнөдө азыр жүз миллиондогон адамдар тарабынан колдонулуп, эл эң көп кирген 10 сайттын катарында турат. Сайттын ээсинин билдиргенине караганда, уюмдун алдыдагы он жыл үчүн максаты өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө Wikipedia сайтынын редакторлорун көбөйтүү. Уюмдун чет өлкөдөгү биринчи кеңсеси быйыл Индияда ачылмакчы.

Ошондой эле интернеттеги энциклопедия катары эсептелген бул сайтта 17 миллиондой макала бар. Алардын 20% англис, калгандары башка тилде. Ал эми кыргыз тилиндеги макалалар саны 1300дүн эле тегерегинде. Башка сайттардан айрымаланып, Wikipedia сайтына дүйнөдө ким болбосун өзү кирип, макаласын жайгаштыра алат.

XS
SM
MD
LG