Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Кыргыз уикипедиячыларынын 1-жыйыны өтөт


Бүгүн кыргыз уикипедиячыларынын биринчи жолку республикалык жыйыны башталат. “Сорос” корунан кабарлашкандай, жекшемби күнгө чейин созула турган бул жыйынга кыргыз тилиндеги Уикипедияны үзгүлтүксүз толуктоого жана өнүктүрүүгө салым кошкон авторлор, студенттер жана “Эмне үчүн Уикипедияны кыргыз тилинде өнүктүрүү керек?” аттуу сынактын катышуучулары чакырылган. Жыйын Ысык-Көлдө өтүп, анын алкагында кыргыз Уикипедиясынын жоболору такталып, жаңы авторлор макала киргизүү-жасалгалоого үйрөнүшөт. Интернеттеги энциклопедия катары сыпатталган Уикипедияда кыргыз тилинде 3841 макала бар. Ал эми казакча 117 миң, орус тилинде 800 миңден ашык макала жазылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG