Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Жалаловдун өлүмү боюнча коомдук тергөө жүрүүдө


Кыргыз-өзбек чек арасында атып өлтүрүлгөн Пазылжан Жалаловдун иши боюнча коомдук тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун уулу билдирди. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү учурда кыргыз өзбек-чек арасындагы окуяны териштирип, кыргызстандык жарандын атылышы боюнча маалымат топтоодо.

Акыйкатчы Турсунбек Акун уулу Жалаловдун өлүмү боюнча президент, Жогорку Кеңеш төрагасы, өкмөт башчыга кат жолдоп, анда кыргыз-өзбек чек арасында 29-майда орун алган бул окуянын парламентте талкууланышын талап кылууда.

“Өзбек чек арачыларынын биздин атуулдарды ит аткандай атып салганга акысы жок. Алар тиешелүү жазасын алып сот жообуна тартылыш керек ” – деди акыйкатчы. Бул туурасында Акун кесиптеши - өзбек акыйкатчысы Сайера Рашидовага да кайрылганын кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG