Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Жибек Сакеева 10 жылга эркинен ажыратылды


Индонезияда маңзат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеева 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бандунг шаарында кыргызстандык Жибек Сакееванын иши боюнча сот жыйыны өтүп, анда кыргыз кызы маңзат аткезчилигине катышкан деп табылган. Сакеевага 1 миллиард 100 миң индонезиялык рупий өлчөмүндө айып пул салынып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Ага карата коюлган айып пулду төлөй албасын эске алып, сот Сакееваны кошумча 6 ай эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Сакееванын жактоочусу Рики Гунаван кыргызстандык Жибек Сакеева сот чечимине макул эместигин билдирип, Индонезиянын Жогорку Сотуна апелляциялык арыз менен кайрылганын билдирди. Индонезиянын Жогорку Соту жыйын өткөрбөй чечим чыгаруу укугуна ээ. Сакееванын иши боюнча акыркы чечим 3-6 ай аралыгында чыгып калары күтүлүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG