Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Барыктабасовдун тарапкерлери эл аралык уюмдарга кайрылышты


Бүгүн Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун кеңсесинин алдына Урматбек Барыктабасовдун 15 чакты тарапкери митинг өткөрүштү. Алар аталган эл аралык уюмду Барыктабасовдун укугун коргоого кол кабыш кылууга чакырышты. Чогулгандарга ЕККУнун өкүлү Межа Валерий чыгып, алардын кайрылуусун кабыл алды. Барыктабасовдун тарапкерлери ушундай эле кайрылууну Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги үйүнө да бергени жатышат.

Президенттикке мурдагы талапкер, “Мекен Туу” партиясынын лидери Урматбек Барыктабасов 5-августта кармалган, ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, УКМК камакка алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG