Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Абактарда ачкачылык акциясы токтоду


Жаза өтөө кызматынын жетекчиси Калыбек Качкыналиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, өлкөдөгү бардык түрмөлөрдө ачкачылык акциясы токтоду. Учурда кырдаал туруктуу жана көзөмөлдө турат. Маалыматка караганда, эртең менен бардыгы текшерүүгө чыгышкан. Убактылуу жаза өтөө жайларында ур-токмок, кыйноо болуп атат деген дооматтарга байланыштуу текшерүү жүргүзүлүп, бул айыптар далилденген жок. “Абактагылардын 1-жаза өтөө жайында жер төлөдөгү жагдайды эл аралык талапка ылайыктоо талабы боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүрдү. Буга акча бөлүнмөй болду”, - дейт Качкыналиев.

25-мартта абактагылар түрмөдө шарттын начардыгына байланыштуу мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштаганын кабарлашкан. Жаза аткаруу кызматы мунун артында кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү турарын айтышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG