Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Оштогу жолугушууда адам уурдоо күчөп жатканы айтылды


Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бүгүн шаардагы өзбек тектүү жарандар менен жолугушту. Анда эл өздөрүнүн көйгөйү, тынчсыздандырып жаткан маселелер тууралуу мэрге айтып, ортодо талкуу болду. Мындан тышкары акыркы убактарда күчөгөн адам уурдоо тууралуу да маселе коюлду. Мелис Мырзакматов бул окуя боюнча күч органдары менен чогуу иш жүрүп жаткандыгын айтып, муну тынчып бара жаткан кырдаалды курчутуу жана эки элдин ынтымагын бузууну көздөгөн атайын күчтөр уюштуруп жатканы маалым болгонун билдирди. Соңку күндөрдө Ошто төрт аял белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, кайра табылганы, бирок алар ошол учурда кордук көрүп, зомбулукка кабылганы айтылууда.

Жолугушуунун аягында өзбек, кыргыз жана башка улуттардын өкүлдөрү жалпы элди ынтымакка чакырган кайрылуу кабыл алышты, деп маалымдайт аймактагы кабарчыбыз.(ZKo)

XS
SM
MD
LG